Ден соолук
Казакстанда COVID-19 аныкталгандардын саны 8 жарым миңден ашты

Казакстанда өткөн суткада 209 адамдын коронавирус жуктурганы белгилүү болду. Өсүш 2,5% түзгөнүн РКнын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Жалпысынан өлкө боюнча ооруга чалдыккандардын саны – 8531 адам.
Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:
Нур-Султан шаары - 1630 (+32)
Алматы шаары - 2201 (+37)
Шымкент шаары - 606
Акмола облусу - 146 (+1)
Актөбе - 276 (+6)
Алматы облусу - 288 (+4)
Атырау облусу - 891 (+12)
Чыгыш Казакстан - 66 (+4)
Жамбыл облусу - 292 (+33)
Батыш Казакстан - 414 (+28)
Караганды - 595 (+33)
Костанай - 122 (+2)
Кызылорда - 289 (+6)
Маңгыстау - 167 (+1)
Павлодар облусу - 187 (+10)
Түндүк Казакстан облусу - 46
Түркестан облусу - 315.
4352 адам илдеттен сакайып чыкса, 35 бейтап каза тапты.
Фото: strategy2050.kz