Ден соолук
Казакстанда коронавирус аныкталгандардын саны 7 миңден ашты

Республикада өткөн суткада 265 адамдан коронавирус аныкталды. РКнын Саламаттык сактоо министрлиги өсүш 3,8% түзгөнүн билдирди. Жалпы өлкө боюнча ооруга чалдыккандардын саны – 7234 адам.
Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:
Нур-Султан шаары - 1403 (+84)
Алматы шаары - 1966 (+57)
Шымкент - 508 (+23)
Акмола облусу - 135 (+1)
Актөбе - 233 (+2)
Алматы облусу - 238 (+19)
Атырау облусу - 816 (+24)
Чыгыш Казакстан облусу - 59 (+1)
Жамбыл облусу - 222 (+5)
Батыш Казакстан - 352 (+13)
Караганды - 300 (+13)
Костанай облусу - 110
Кызылорда - 266 (+11)
Маңгыстау - 164 (+1)
Павлодар облусу - 176 (+9)
Түндүк Казакстан облусу - 39
Түркестан - 247 (+2).
3734 адам инфекциядан толугу менен сакайып чыкса, 35 бейтап каза тапты.
Фото: novostipmr.com