Ден соолук
Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 7 миңге жакындады

Республикада өткөн суткада 218 адамдан коронавирус аныкталды. Өсүш 3,2% пайызды түзгөнүн РКнын Саламаттык сактоо министрлиги кабаралды. Жалпы өлкө боюнча ооруга чалдыккандардын саны – 6969 адам.
Аймактар боюнча эпидемиологиялык абал кийинкидей:
Нур-Султан шаары - 1319 (+32)
Алматы - 1909 (+37)
Шымкент - 485 (+50)
Акмола облусу - 134
Актөбе - 231 (+3)
Алматы облусу - 219 (+7)
Атырау - 792 (+23)
Чыгыш Казакстан - 58
Жамбыл - 217 (+9)
Батыш Казакстан - 339 (+10)
Караганды- 287 (+24)
Костанай - 110 (+12)
Кызылорда - 255 (+5)
Маңгыстау - 163 (+1)
Павлодар облусу - 167
Түндүк Казакстан облусу - 39
Түркестан - 245 (+5).
3598 адам инфекциядан толугу менен сакайып чыкса, 35 адам көз жумду.
Фото: inform.kz