Казакстанда коронавирус аныкталгандардын саны 6440ка жетти

Өткөн дем алыш күндөрү Казакстанда коронавирустук инфекциянын саны кескин өстү. Өткөн суткада дагы 283 адам COVID-19 илдетин жуктурган, анын ичинде: Атырау облусу - 86, Шымкент - 60, Алматы - 46, Нур-Султан - 20, Түркестан облусу - 19, Караганды облусу - 18, Батыш Казакстан облусу - 13, Маңгыстау облусу - 8 адам, Алматы жана Павлодар облустарында - 3 адам, Түндүк Казакстан жана Жамбыл облустарында - 2 адам, Акмола, Костанай, Кызылорда облустарында - 1ден адам.
Казакстанда ушул сааттарга карата эпидемиологиялык абал боюнча өсүш 4,6% түзүүдө.
Жалпысынан:
Алматы - 1848
Нур-Султан шаары - 1251
Атырау облусу - 627
Шымкент шаары - 404
Батыш Казакстан облусу - 323
Караганды облусу - 250
Кызылорда облусу - 246
Актөбе облусу - 228
Түркестан облусу - 222
Алматы облусу - 209
Жамбыл облусу - 205
Павлодар облусу - 165
Маңгыстау облусу - 161
Акмола облусу - 126
Костанай облусу - 79
Чыгыш Казакстан - 58
Түндүк Казакстан облусунда - 38, жалпысынан 6440 адамдан коронавирус илдети аныкталды.
Анын ичинен айыгып чыккандар – 3256, каза тапкандар – 34 адам.
Фото: topspb.tv