Ден соолук
Казакстанда коронавирус аныкталгандардын саны 5689га жетти

Казакстанда өткөн сутка ичинде 118 адам коронавируска чалдыкканы белгилүү болду. Өсүш 2,1% түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Ошентип, COVID-19 тастыкталган бейтаптардын саны 5689 адамга жетти. 2531 адам оорудан сакайып, 34 адам көз жумду.
Өлкө аймактары боюнча эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:
Нур-Султан шаары - 1173 (+25)
Алматы - 1689 (+11)
Шымкент шаары - 255 (+5)
Акмола облусу - 114 (+4)
Актөбе - 213 (+29)
Алматы облусу - 191 (+1)
Атырау - 474 (+17)
Чыгыш Казакстан - 56 (+1)
Жамбыл облусу - 201 (+2)
Батыш Казакстан - 279 (+7)
Караганды - 212 (+8)
Костанай - 72 (+4)
Кызылорда - 232 (+1)
Маңгыстау - 141 (+3)
Павлодар облусу - 155
Түндүк Казакстан облусу - 36
Түркестан облусу - 196.
Фото: ainews.kz