Ден соолук
Казакстанда COVID-19 аныкталгандардын саны 5571ге жетти

Өткөн суткада 154 адам коронавирус илдетин жуктурганы белгилүү болду. Алардын ичинен 50 адам бир эле учурда Алматы шаарында, 30 Нур-Султанда, 25 Атырау облусунда, калгандары ар башка региондордо аныкталды. Ал эми аймактар боюнча эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:
Алматы - 1678,
Нур-Султан - 1148,
Атырау облусу - 457,
Батыш Казакстан - 272,
Шымкент - 250,
Кызылорда - 231,
Караганды - 204,
Жамбыл облусу- 199,
Түркестан - 196,
Алматы облусу - 190,
Актөбе - 184,
Павлодар облусу - 155,
Маңгыстау -138,
Акмола облусу - 110,
Костанай - 68,
Чыгыш Казакстан облусу - 55,
Түндүк Казакстан - 36.
Ошондой эле, кооптуу илдеттен айыгып чыккандардын саны көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө алардын жалпы саны - 2408. 32 адам коронавирустан көз жумду.
ото: coronavirus2020.kz