Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 5417 жетти

Казакстандагы учурдагы кырдаалга ылайык, дагы 138 кишиден COVID-19 аныкталды. Атырау облусундагы эпидемиологиялык абал курчуп кетти. Аймакта 92 учур катталды. Мындан тышкары, Нур-Султан шаарында - 15, Батыш Казакстан облусунда - 11, Алматы жана Жамбыл облусунда - 6 адам, Түркестан облусунда - 4, Караганды облусунда - 3, Чыгыш Казакстан облусунда - 1 адам.
Өлкөдө коронавирус эң көп катталгандардын саны боюнча Алматы алдыда. Бул жерде 1628 адам кооптуу илдетке чалдыккан.
Жалпысынан ушул сааттарга карата:
Нур-Султан шаарында - 1118,
Атырау облусунда - 432,
Батыш Казакстанда - 266,
Шымкент шаарында - 245,
Кызылорда облусунда - 231,
Караганды облусунда - 200,
Жамбыл облусунда - 198,
Түркестан облусунда - 190,
Алматы облусунда - 183,
Актөбе облусунда - 176,
Павлодар облусунда - 154,
Акмола облусунда - 110,
Маңгыстауда - 130,
Чыгыш Казакстанда - 52,
Костанай облусунда - 68,
Түндүк Казакстанда – 36, жалпысынан 5417 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Андан айыгып кеткендердин саны – 2223, каза тапкандар – 32 адам.
Фото: dw.com