Ден соолук
Казакстанда коронавирус аныкталгандардын саны 5240 жетти

Өлкөдө инфекция жуктуруунун дагы жаңы 33 учуру катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, республика боюнча вирус аныкталгандардын жалпы саны 5240ка жетти. 2074 адам толугу менен айыгып, 32 бейтап көз жумду.
Өлкөнүн региондорундагы эпидемиологиялык абал төмөндөгүдөй:
Нур-Султан шаары - 1103
Алматы шаары - 1596
Шымкент ш. - 239
Акмола облусу - 110
Актөбе облусу - 176
Алматы облусу - 183
Атырау облусу - 340
Чыгыш Казакстан - 51
Жамбыл облусу - 185
Батыш Казакстан облусу - 255
Караганды облусу - 197
Костанай облусу - 68
Кызылорда облусу - 231
Маңгыстау - 130
Павлодар облусу - 154
Түндүк Казакстан облусу - 36
Түркестан облусу - 186.
Фото: inform.kz