Казакстанда 4298 адам коронавирус жуктурду

Бүгүн Шымкент, Кызылорда, Костанай, Маңгыстау, Атырау жана Батыш Казакстан облустарында инфекция жуктургандар аныкталды. Атырау облусундагы Теңиз кениндеги эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу облустун башкы санитардык дарыгеринин буйругу менен 14 күндүк карантин жарыяланды.
Республика аймактарында COVID-19дун таралышы боюнча абал төмөндөгүдөй:
Нур-Султан шаары – 754
Алматы шаары - 1392
Шымкент шаары - 222
Акмола облусу - 101
Актөбе облусу - 168
Алматы облусу - 163
Атырау облусу - 226
Чыгыш Казакстан облусу - 30
Жамбыл облусу - 162
Батыш Казакстан облусу - 208
Караганда облусу - 169
Костанай облусу - 54
Кызылорда облусу - 222
Мангыстау облусу - 90
Павлодар облусу - 152
Түндүк Казакстан облусу - 30
Түркестан облусу - 155.
Булардын ичинен 1299 казакстандык оорудан айыгып чыкты, 30 бейтап каза болду.
Фото: rbc.ru