Ден соолук
Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 4277ге жетти

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 4277ге жетти. Бул тууралуу РКнын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Кооптуу инфекцияны жуктуруу боюнча өлкө аймактарындагы абал төмөндөгүдөй:
Нур-Султан шаары – 754
Алматы калаасы – 1392
Шымкент шаары – 216
Акмола облусу – 101
Актөбе – 168
Алматы облусу – 163
Атырау – 223
Чыгыш Казакстан – 30
Жамбыл – 162
Батыш Казакстан – 203
Караганды – 169
Костанай – 53
Кызылорда – 218
Маңгыстау – 88
Павлодар облусу – 152
Түндүк Казакстан – 30
Түркестан облусу – 155
Расмий маалыматка ылайык, ушул күнгө чейин 1279 адам оорудан толугу менен айыгып чыкса, 29 бейтап бул илдеттен улам көз жумду.
Фото: matritca.kz