Ден соолук
Казакстанда COVID-19ду жуктургандардын саны 4121ге жетти

Коронавирус илдетин жуктурган дагы 72 учур катталды. Борбор менен Алматы шаарында 17 адам вирус жуктуруп алса, Түркестан облусунда 11, Маңгыстауда 10, Атырау облусунда 9, Батыш Казакстанда 4, Кызылорда менен Шымкентте 2 коронавирус жуктуруу учуру аныкталды. Казакстан боюнча кооптуу инфекцияны жуктургундардын жалпы саны ушуну менен 4121ге жетти. Анын ичинде:
Нур-Султан шаары – 723
Алматы калаасы – 1335
Шымкент шаары – 215
Акмола облусу – 101
Актөбе – 160
Алматы облусу – 156
Атырау – 202
Чыгыш Казакстан – 30
Жамбыл – 158
Батыш Казакстан – 198
Караганды – 159
Костанай – 50
Кызылорда – 216
Маңгыстау – 84
Павлодар облусу – 150
Түндүк Казакстан – 30
Түркестан – 154
1173 адам илдетти жеңип чыкса, 29 адам коронавирустун курмандыгы болду.
Фото: 1maps.ru