Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 3964кө жетти

Коронавирус илдетин жуктурган дагы 44 адам катталды. Батыш Казакстан облусунда – 12, Нур-Султан шаарында – 8, Актөбе облусунда – 7, Алматы калаасында – 6, Караганды облусунда – 4, Атырау жана Жамбыл облустарында – 3 адамдан, Шымкент шаарында – 1.
Жалпысынан өлкөдө 3964 адам коронавирус илдетине чалдыкканы белгилүү болду. Бул сааттарга карата статистикалык көрсөткүч төмөндөгүчө:
Алматы калаасы – 1291,
Нур-Султан шаары – 698,
Кызылорда облусу – 214,
Шымкент шаары – 212,
Батыш Казакстан – 186,
Атырау облусу – 184,
Актөбе – 160,
Караганды облусу – 159,
Жамбыл – 152,
Павлодар – 150,
Алматы облусу – 149,
Түркестан – 135,
Акмола – 100,
Маңгыстау – 65,
Костанай – 50,
Түндүк Казакстан – 30,
Чыгыш Казакстан – 29.
1084 бейтап оорудан айыгып чыкты. Бирок дем алыш күндөрү эки бейтап илдеттен көз жумуп, курман болгондордун саны 27ге жетти.
Фото: informburo.kz