Ден соолук
Казакстанда коронавирус инфекциясынан курман болгондордун саны 22ге жетти

Казакстанда коронавирус инфекциясынан 2 адам көз жумду. Жалпысынан өлкөдө COVID-19 илдетинен курман болгондордун саны 22ге жетти. 560 адам вирустан айыгып чыкты.
Акыркы маалыматтар боюнча, ооруну жуктуруунун 2334 учуру катталды. Вирус көрсөткүчү Алматы шаарында эң жогору - 764, Нур-Султанда 433, Кызылорда облусунда – 161, Шымкент шаарында – 139, Акмолада – 85, Актөбе облусунда – 55, Алматы облусунда – 69, Атырауда – 84, Чыгыш Казакстанда – 15, Жамбылда – 98, Батыш Казакстанда – 92, Караганды облусунда – 108, Костанайда – 38, Маңгыстауда – 20, Павлодар облусунда – 62, Түндүк Казакстанда – 30, Түркестанда – 81 адамдан коронавирус аныкталды.
Фото: interfax.ru