Ден соолук
Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 2191ге жетти

Өлкөдө коронавирус жуктуруунун жаңы учурлары катталууда. Республикада кооптуу инфекцияга чалдыккандардын саны 2191 адамга жетти деп кабарлайт РКнын Саламаттык сактоо министрлиги.
Ошентип, Нур-Султан шаары боюнча 421 адам, Алматы калаасында – 735, Карагандыда - 102, Акмолада - 83, Атырау облусунда - 82, Жамбылда - 79, Шымкент шаарында - 131, Чыгыш Казакстанда - 15, Алматы облусунда - 62, Актөбеде - 34, Түндүк Казакстанда - 30, Павлодарда - 43, Маңгыстау облусунда - 19, Кызылордада - 157, Батыш Казакстанда- 86, Түркестанда - 76, Костанайда - 36 бейтап катталды.
515 адам оорудан айыгып чыкты, 19 адам вирустун курмандыгы болду.
Фото: zonakz.net