Ден соолук
Казакстанда COVID-19дан 428 адам айыгып чыкты

Республикада кооптуу илдеттен айыгып чыккан жарандардын саны өсүүдө. Казакстан боюнча коронавирусту жеңип чыккандардын жалпы саны 428ге жетти. Бейтапканадан айыгып чыккандардын көпчүлүгү борбордо - 180. Позитивдүү рейтингде экинчи орунда Алматы турат. Бул жерде 88 адам вирусту жеңген. Ошондой эле:
Түндүк Казакстан облусунда - 25,
Кызылорда облусунда - 25,
Атырау облусунда – 21,
Акмолада – 18,
Түркестан менен Караганды облустарында - 13төн,
Шымкент шаарында – 12,
Актөбе жана Алматы облустарында – 9дан,
Жамбылда – 6,
Чыгыш Казакстанда – 3,
Батыш Казакстанда - 2,
Маңгыстау облусунда – 2,
Костанай жана Павлодар облустарында - бирден адам айыгып чыккан.
Азыркы учурда илдетти жуктургандардын жалпы саны 1757ни түзөт. 19 адам COVID-19дун курмандыгы болду.