Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 727ге жетти

Казакстанда COVID-19 оорусу дагы 9 адамдан аныкталды. Бейтаптардын бардыгы Кызылорда облусунун Шиели районунан болуп чыккан. Коронавирус илдетине чалдыккандардын үчөөсү эркек, алтысы аял. Алардын эң жашы 2012-жылы туулган.
«Бардык бейтаптар мурда COVID-19 инфекциясы аныкталган адамдар менен байланышта болуп, карантинге алынган. Азыркы убакытта алардын абалы канааттандырарлык. Дарылоо эрежеге ылайык жүргүзүлүүдө», - деп айтылат КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кабарлоосунда.
Жалпысынан өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны ушуну менен 727ге жетти. Анын ичинде:
Нур-Султан шаары – 223
Алматы – 119
Кызылорда облусу – 85
Караганды – 55
Жамбыл облусу – 45
Акмола облусу – 43
Атырау – 36
Түркестан – 34
Түндүк Казакстан – 25
Шымкент шаары – 23
Актөбе облусу – 11
Алматы облусу – 10
Чыгыш Казакстан – 6
Маңгыстоо – 6
Батыш Казакстан – 2
Костанай облусу – 3
Павлодар – 1
Аны менен катар Нур-Султан шаарында 1 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Ошентип өлкөдө айыгып чыккандардын саны 54кө жетти.
Нур-Султан шаары – 29
Алматы – 23
Актөбе облусу – 1
Түндүк Казакстан – 1
Деген менен 7 адам вирустун курмандыгы болду.
Фото: focus.ua