Ден соолук
Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 584кө чейин өстү

Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 15 учур катталды. Анын ичинен Алматы, Актөбе жана Караганды облустарында бирден учур болсо, Атырау менен Кызылордада 6 учур аныкталган. Муну менен өлкөдө илдетти жуктургандардын жалпы саны 584кө жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Коронвирусту жуктургандардын сатистикасы төмөндөгүдөй:
Нур-Султанда – 219,
Алматыда – 116,
Кызылорда – 37,
Карагандыды – 32,
Атырауда– 29,
Түркестанда – 28,
Жамбыл облусу – 28,
Түндүк Казакстан – 25,
Акмола – 23,
Шымкентте– 14,
Алматы облусу - 10,
Чыгыш Казакстан – 5,
Маңгыстоо – 3,
Батыш Казакстан – 2,
Костанай менен Павлодарда - 1.
Жалпысынан республикада вирустан 44 адам айыгып чыкса, 6 адам курман болду.
Фото: news.liga.net