Ден соолук
Алматыга Кытайдан жөнөтүлгөн тест-системалар, тепловизорлор жана беткаптар жеткирилди

Алматы шаарынын аэропортуна Кытайдан жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдын алгачкы партиясы келди. Учакка тепловизорлор, тест-системалар, медициналык бахила, колкап, көз айнектер жана медициналык кийим-кечек артылган. Жакын арада Кытайдан медициналык коргоонучу каражаттар кошумча жеткирүүлөрү пландалган деп кабарлайт КРнын тышкы иштер министрлиги.
Белгилей кетсек, бул чаралар КРнын Президенти Касым-Жомарт Токаевтин КЭРнын Төрагасы Си Цзиньпин менен жакында өткөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылууда.
Фото: rubic.us