Ден соолук
Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 308ге жетти.

Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 308ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Нур-Султан шаарында жаңы беш учур, ал эми Акмола облусунда бир учур катталган. Муну менен борбордо вирус жуктургандардын саны 173кө жетти. Алматыда – 73, Караганды облусунда – 13, Атырауда – 12, Акмолада – 10, Алматы облусунда – 8, Кызылордада – 5, Жамбыл облусунда – 3, Шымкенте -2, Актөбе, Чыгыш Казакстан, Маңгыстоо, Павлодар жана Түндүк Казакстан облустарында бирден учур.
Белгилей кетсек республикада бир адам коронавирустан каза тапса, 21 казакстандык инфекциядан айыгып чыккан.
Фото: trend.az