Ден соолук
Казакстанда 80 адам коронавирус жуктурган

Коронавирус жуктурган дагы 1 адам Шымкент шаарында тиркелди деп кабарлады өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги.
Нур-Султан шаары боюнча 41 адам, Алматы калаасында – 31 адам, Караганды, Шымкент шаарларында экиден адам, Алматы облусунда - 1 адам, Актөбе облусунда - 1, Жамбыл облусунда -1 адам, Түндүк Казакстан облусунда - 1 адам аныкталган.
Ушуну менен Казакстанда коопту инфекцияга чалдыккандардын жалпы саны – 80 адам.
Фото: kuban24.tv