Ден соолук
Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 64 жетти

Казакстанда коронавирустун жаңы учуруна чалдыккан дагы эки адам аныкталды. Казакстан Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин жалган курандын 24ү, саат 8:10 догу маалыматына ылайык, ооруу жуктуруу учурлары Нур-Султан шаарында катталган.
Ошентип, бүгүнкү күндө, өлкө аймагында коронавирус жуктургандардын жалпы саны 64 адамга жетип олтурат.
Нур-Султанда – 34 бейтап.
Алматыда – 26 адам,
Карагандыда – 2 тургун,
Алматы облусунда - 1,
Актөбе облусунда - 1 адам.
Фото: rg.ru