Маңгыстау туристтик дараметин өнүктүрүүдө

Дүйнөлүк цивилизацияга сиңе элек жапайы жаратылыш көрүнүшү, табигый көркөм ландшафттар - булар жыл сайын Маңгыстау облусуна дүйнөнүн төрт бурчунан жүз миңдеген туристтерди тартып турат. Улуу талаанын байыркы тарыхынын күбөсү, казак жеринин кеңдиги жана байлыгынын далили дал ушул Маңгыстау аймагы. Бозжыра капчыгайы бүгүнкү күндө туристтердин сүйүктүү жайларынын бирине айланган. Белгилей кетсек, бул аймак облустагы туристтик жайлардын ТОП-10дугунда биринчи орунга ээ.

Маңгыстау облусундагы өзгөчө жана ыйык жерлердин катарында улуу Үстүрт өрөөнүндө жайгашкан космостун жердеги бир бөлүгү катары Бозжырадан тышкары Каракия ойдуңу, Айракты-Шоманай чептеринин өрөөнү, Шеркала тоосу жана Кызылкуп капчыгайы да бар. Анча бийик эмес Кызылкуп кырка тоолору шагылдуу кум менен капталып, алыстан көрүнүп турат. Бийиктиктен карай турган болсок, айрым жерлерде сегиз бутка окшосо, ал эми кээ бир жерлерде келбети кесилген торт сыяктуу көрүнөт. Ошол себептен жергиликтүү тургундар капчыгайды Маңгыстау Тирамису деп аташат.

Людмила Коровина, экскурсовод:

- Мында саякаттоо аркылуу мурда Тетис океанынан табылган олжолорду көрүүгө болот, ошондой эле, аммониттер менен акулалардын тиштери да табылып жатат. Жапониядан туристтер көп келет, андан кийин Италиядан келген туристтер абдан көп. Башка өлкөлөрдөн келген туристтер дагы чоң кызыгуучулук көрсөтүп жатышат.

Аймакта жайгашкан көрүнүктүү жерлердин, күмбөздөрдүн, жер астында калган ыйык жайлардын бери дегенде бир нечесин көрүү үчүн бир күн аздык кылат. Анын үстүнө саякатчыларды жолдун начардыгы, алыс жол, аба ырайынын туруксуздугу да токтото албайт. Мисалы, белгилүү Торыш тоголок таштары өрөөнүнө жетүү үчүн шаардан чыгып, жарым чөл талаа аркылуу болжол менен 100 чакырымдай жүрүү керек. Ошентсе да бул ага татый тураарлык.

Айгерим Акимжанова,  кабарчы:

- Маңгыстаунун табышмактуу жана уникалдуу кооз жерлеринин бири ушул. Торыш өрөөнүндө жайгашкан шарлардын пайда болуу сырларын дүйнөнүн көптөгөн илимпоздору менен ойчулдары 250 жылдан бери ача албай келет. Айрым жерлерде алар цилиндрлерге, орус символикалык матрёшкаларына, кокоско, космостук объекттерге, ал тургай боулинг топторуна окшошуп кетет. Алардын келип чыгышы жөнүндө көптөгөн теориялар бар. Таштар жөнүндө эл арасында ар кандай уламыштар айтылып жүрөт. Алардын бирине ишенсек, бул шарлар ташка айланган душмандар экен.

Жыл башынан бери аймакка 180 миңге жакын турист келген. Бүгүнкү күндө аймак ички жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча алдыңкы орунда турат. Жалпысынан быйыл 100 миллиард теңгеге 14 инвестициялык долбоор ишке ашырылат деп мерчемделүүдө. Белгилей кетсек, ата мекендик туристтик өнүмдөрдү жайылтууга Kazakh Tourism Улуттук компаниясы чоң салым кошууда.

Талгат Аманбаев, «Kazakh Tourism», ук башкаруучу мүдүрү:

- Акыркы учурда биз инфраструктуранын канчалык жигердүү өнүгүп жаткандыгын көрүп жатабыз жана үй-бүлөлүк, резорт, курорттук туристтер жана эс алуучулар үчүн Маңгыстаунун ТОП-10 аймактын бири катары мамлекеттик өнүктүрүү программасына киргендиги да бекеринен эмес. Kazakh Tourism жана башка да мамлекеттик органдар менен биргеликте аймактын өнүгүшүнө жигердүү түрдө инвестиция салуу менен бардык жагынан колдоо көрсөтөбүз.

 

Фото: tengritravel.kz


×