Алматыда айтылуу «Корсар» балетинин бет ачары болду

Дүйнөлүк классиканын бермети - «Корсар»  балети жаңыча коюлду. Адольф Адандын белгилүү чыгармасын көрүүчүлөргө Абай атындагы Казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театры тартуулады. Корсардын тарыхына негизделген спектаклдин сценографиясын италиялык сүрөтчү Уильям Орланди иштеп чыккан. Ал укмуштуу окуялуу спектаклде декорациялардын кыймылын чеберчилик менен айкалыштырган. Бул спектаклге сахна мейкиндиги менен жаңычылдык дем берди. Спектаклди видео материал менен толуктоо да мыкты чечимдердин бири болду. Ал эми башкы коючу балетмейстер Гүлжан Туткибаева өчпөс классикага заманбап хореографиялык өзгөчөлүк берген.

Гүлжан Тутки баева,  коючу-хореограф, ркнын эл артисти:

- Бул спектаклде эски вариантта кездешпеген айрым үзүндүлөр камтылган. Атап айтканда, бактагы Кода, ошондой эле айрым сахналык көрүнүштөр да бар. Жалпысынан спектакль драматургиясы такыр башкача ойлонуштурулду. Бизде башкы каармандарыбыздын бири Ланкедемди камоо көрүнүшү чагылдырылды. Башкы каарман Одажио жана кичинекей Одажионун гротодогу жолугушуусунан үзүндү көрсөтүлдү. Аны менен катар, биз музыкалык материалды өзүбүз жасадык. Мен спектакль  интенсивдүү болду деп ойлогом. Спектаклде бий мизансценарлары дагы орун алды. Мен көрүүчүлөрдү зериктирбөө үчүн иш-аракеттердин үзгүлтүксүздүгүн кааладым.

160 жылдан ашуун убакыттан бери дүйнөлүк көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болуп келе жаткан «Корсардын»   жаңы нускасынын коюлушу театрдын жамааты үчүн чоң жетишкендик. Анткени бул жолу баары жаңы: музыкалык жасалгалоодон тарта Орусиянын Эл сүрөтчүсү Вячеслав Окуневдин колунан жасалган костюмдарга чейин. Мунун бардыгы артисттердин көркүн ачты.

Рахим Даиров, Абай атындагы кмаобт жетекчи балет солисти:

- Бул роль абдан масштабдуу, ары кызыктуу болду. Ал каракчылардын жырткыч жана жигердүү  кулк-мүнөзүнө сугарылган. Менин бул жердеги ролум Конраддын партиясы. Ал кайталангыс романтикалуу жана драмалык мазмунга бай. Ал даанышман катары башкаларды өзүнө баш ийдириши керек. Бул спектаклде анын Мидора аттуу сүйүктүүсү бар. Бул жагынан алганда, мен анын романтикалык абалын беришим керек. Анткени анын сүйүктүүсү өтө назик.

Белгилей кетсек, Байрондун поэмасына жазылган «Корсар» - дүйнөлүк балет репертуарынын алтын фондуна кирет.

 

Фото: kt.kz


×