«Гала-балеттеги» хореографиялык миниатюралардын премьерасы

Балеттин эң мыкты номерлери бир спектаклде. «Астана Опера» театрында гала-балет өттү. Өнөр сүйүүчүлөр коому көрүнүктүү балетмейстер МАриус ПетипАнын хореографиялык өнөрүнө күбө болушту. Бул  Глазуновдун «Реймонда» балетиндеги жана «Сатанилла» балетиндеги «Венециялык карнавал» па-де-деси. Ошондой эле, Чайковскийдин «Уктап жаткан сулуу» балетинен көк Куш менен Флорина ханышасынын па-де-деси. Аны менен катар, бул күнү театрдын Чоң залынын сахнасында өткөн концерттин алкагында «Бетеге жыты» номеринин бет ачары болду. Бул миниатюрада казакстандык композитор Сайраштын керемет музыкасы менен Анвара Садыкованын хореографиясындагы казак лексикасы  номерине өзгөчө көңүл бурулду.  Бул жерде улуттук бийдин амплитудасы жана кеңдиги дароо байкалат. «Астана Операнын» алдыңкы солисттери Айгерим Бекетаева, Анель Рустемова, Гаухар Усина, Бахтияр Адамжан жана башка артисттер көрүүчүлөр коомуна мыкты өнөрлөрүн тартуулашты.

Гаухар Усина, «Астана Опера» театрынын алдыңкы солисти:

- Көрүүчүлөр жалаң эле спектаклдерден үзүндүлөрдү  эмес, ошондой эле, аталган үзүндүлөрдү көрүп отуруп, спектаклдердин толук нускасына келип, укмуштуудай ырахат ала алышат. Гала-балеттин артыкчылыгы ушул болсо керек. Биз, артисттер мындай концерттерди жакшы көрөбүз, анткени бир нече номерлерди, бир нече образдарды аткарып чыгабыз.

 

Фото: old.elorda.info


×