«Миң бала» маданий-агартуу долбоорунун жеңүүчүлөрү сыйланды
Борбордо республикалык «Асыл сөз» мектеби алкагындагы «Миң бала» маданий-агартуу долбоорунун жеңүүчүлөрү сыйланды. Казакстан эли Ассамблеясынын колдоосу менен өткөн иш-чара быйыл 6-жолу уюштурулду. Быйылкы сынактын катышуучулары «Тил мектеби», «Асыл сөз», «Абайдын 175 жылдыгы» жана «Тил борбору» аттуу 4 номинация боюнча тандалып алынды. Уюштуруучулардын айтымында, быйылкы долбоор онлайн форматында өткөнүнө карабастан катышуучулардын саны көп болду.
Виктория Трегубова, колдонмо этно-саясий институтунун кызматкери:
- Катышуучулар көбөйгөнү эле болбосо, аз болгон жок. Балдар өз өнөрлөрүн көрсөтүп, ыр-ырдап, бийлеп беришти. Өзүнүн каада-салттары менен таанышып, казак тилине делген урматын көрсөтүштү. Себеби, бардык катышуучулар казак тилинде сүйлөгөн, жатка билген балдар. Ал эми иш-чара катышуучулары Казакстандын 16 аймагынын булуң-бурчунан келишти. Жалпысынан Казакстандын ар тарабынан 65 жеңүүчүбүз бар.
Фото: fnn.kz