Казакстандык фильмдер Евразия кинофестивалынын финалына өттү

Дароо алты казакстандык кино тасма калыстардын көңүлүнө арзыды жана баш оонанын 13-19-күндөрү Лондондо өтө турган Eurasian Creative Guild Film Festival кинофестивалынын финалына өттү.
Анын ичинде:
Даректүү тасма – «Дүйнөлүк дипломатиянын чокусунда: Казакстан БУУнун Коопсуздук кеңешинде», режиссёр Акмарал Баталова;
Кыска метрдеги кинолор – «Мавжуда», режиссёр Нимасу Намсарен; «Андер», режиссёр Алина Мустафина;
Сценарийлер – «Үй-бүлөлүк Диалект», авторлор Максуд, Мансур жана Марат Сарсембаевдер; «Жибек көпөлөк үйү», автор Зауре Туреханова.
Booktrailer - жаңыдан белгилүү болуп келе жаткан жаңы категориялардын бири – «Проективдик графика» китебинин трейлери, режиссёр Павел Погадаев.
Ар кыл номинациялардын жеңүүчүлөрү көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү менен тандалат. Жалпы кинофестиваль алкагында 60 тасма көрсөтүлөт.
Фото: brod.kz