«Astana Musical» театры өзгөчө спектакль сунуштады
Актёрдук чеберчилик жана вокалдык искусствонун айкалышуусу. «Astana Musical» артисттери «Сыйкырдуу хор-концерт» тартуулап, борбор тургундарын дагы бир жолу кубандырды. Программага жаңыча жаңырган элдик ырлар, дүйнөлүк хиттер жана ариялар, ретро-композициялар, белгилүү заманбап ырлар, ошондой эле, театралдаштырылган спектаклдер кирди. Театрдын башкы хормейстери Алмат Абишев долбоордун бир нече өзгөчөлөгүн мындайча белгилейт.
АЛМАТ АБИШЕВ, «ASTANA MUSICAL» МАМЛЕКЕТТИК ТЕАТРЫНЫН БАШКЫ ХОРМЕЙСТЕРИ:
- Аталган концерттин өзгөчөлүктөрү арбын. Мисалы, ал жерде тамашалар көп, театралдаштырылган сахналар, бий жана хор. Себеби, бир жерде туруп ырдап коюу – бул менин оюмча кызыксыз. Биз өзүбүздү музыкалык театр деп атагандан кийин, аталган концерттен сиздер биздин актёрлордун музыкалык, вокалдык, актёрдук, хореографиялык жөндөмүн көрө аласыздар.
Фото: zakon.kz