Уникалдуу медаллдар жана белгилердин көргөзмөсү

Орусия Падышачылыгы, Советтер Союзу жана Азыркы Казакстан мезгилиндеги раритеттер. Астанадагы Улуу Жеңиш күнүнө арналган көчмө көргөзмөдө 6 миңден ашуун орден, медаль жана белгилер коюлду. Кайталангыс коллекциянын автору – 75 жаштагы Кайырбек Рамазанов. Жарым кылым ичинде Кайырбек 11 өлкөнү кыдырып, өзүнүн коллекциясына жакын буюмдарды чогулткан. Тематикасы ар тармактуу. Спорттон туризмге, транспорттон авиацияга, мультфильм жана телевидение. Чогулган коллекциянын көп бөлүгү аскерий-патриоттук багытта.
КАЙЫРБЕК РАМАЗАНОВ, КОЛЛЕКЦИОНЕР:
- Ушул жылы медаль жана белгилерди чогулта баштаганыма 50 жыл толот. Азыркы мезгилге чейин бул нерсени улантып келем. Аталган жылдар ичинде 20 миңден ашуун буюмдарды чогултууга жетиштим. Чогултулган коллекциялардын ичинен 2 миңин аскер-тарыхый музейине, 10 миңдейин Казакстандын Улуттук музейине өткөрүп бердим. Калган коллекция дал ушул көргөзмөгө коюлду.