Борбор Азия өлкөлөрүндө COVID-19 жуктургандар көбөйүүдө

Борбор Азия өлкөлөрүндө COVID-19 жуктургандар көбөйүүдө

42 кыргызстандыктан коронавирус аныкталды. Алардын  ичинен Жалал-Абаддагы жугуштуу оорулар бейтапканасынын бир нече медиктери аталган илдетти жуктуруп алышкан. Буга байланыштуу госпиталь убактылуу жабылып, бейтаптар Ош облустук ооруканасына которулду. Учурда медициналык жайды тез арада дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 270ке жетти. Анын ичинен 4 адам каза тапты. Кооптуу илдетке каршы Республиканын борбору жана шаарлары, бир нече райондоруна өзгөчө кырдаал режими менен коменданттык саат киргизилген.

Өзбекстанда да абал жакшы эмес. Республиканын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, чын курандын 8не карата COVID-19ду жуктурган жаңы учур катталган. Муну менен бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу коюлган бейтаптардын саны 534кө жетти.

Ал ортодо Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жарандарды жолугушуулардын жеке күндөлүгүн сактоого үндөөдө.

«Ар бир жаран качан, ким менен кайда жана кандай жолугушканын эсепке алуу керек. Бул фактылар эң алды менен оорунун таралуусун болтурбоо үчүн зарыл жана аягында миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет», — деп белгиленет маалыматта.

Учурда коронавирус пандемиясы дүйнөнүн бардык тарабын каптаганына карабай, Түркмөнстан менен Тажикстан өлкөлөрү COVID-19дун бир дагы учуру каттала электигин билдирүүдө.

 

Фото: uzreport.news


×