Борбор Азия боюнча сунуштар жарыяланды

Эл аралык мамилелер боюнча Евразиялык кеңеш Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясына арналган өз сунуштарын жарыя кылды. Документке Евробиримдиктин Борбор Азия менен 2020-2027-жылдар аралыгында байланышты бекемдөөгө багытталган идеялары кирген. Жаңы стратегияда Евробиримдиктин аймак боюнча планы түзүлдү. Карым-катнаштын эффективдүү жактары жана атаандаштык тараптарды так баалоого маани берилген.
ПИТЕР БУРИАН, БОРБОР АЗИЯ БОЮНЧА ЕВРОБИРИМДИКТИН АТАЙЫН ӨКҮЛҮ:
- Казакстан биздин негизги соода өнөктөшүбүз жана Евробиримдик силердин өлкөңөрдөгү эң алгачкы инвестор. Биздин карым-катнашыбыз кандай деңгээлде экендиги баарына белгилүү деп ойлойм. Биз бул байланышты мындан ары бекемдөөгө кызыктарбыз.
Сунуштарды тааныштырууда Консультативдик кеңеш мүчөлөрү: абройлуу саясатчылар, Европа мамлекеттеринин мурунку президенттери жана министрлери, британиялык ЖМК жана казакстандык дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.
РОМАН ВАСИЛЕНКО, КР ТЫШКЫ ИШТЕР ВИЦЕ-МИНИСТРИ:
- Казакстан Евробиримдик менен стратегиялык карым-катнашты улантууга кызыктар. Бул карым-катнаш кеңейтилген өнөктөштүк байланышынын негизинде түзүлөт жана жакында толугу менен күчүнө кирет деп ишенебиз.
Эл аралык мамилелер боюнча Евразиялык кеңеш – Борбор Азияга адистештирилген көз карандысыз пикирдештер аянты. Кеңеш мүчөлөрүнүн айтымында, келечекте анын жумушу аймактын белгилүүлүгүн өстүрүп, Европа менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык жана саясий байланыштарды бекемдөөгө багыттала берет.