1-ЖЭБ абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды үч эсеге азайтты

Акыркы үч жылда Алматыдагы 1-жылуулук электр борбору курчаган чөйрөгө бөлүнгөн зыяндуу заттарды болжол менен үч эсеге азайтты. Мындай жыйынтык жаратылыш газына өткөндөн кийин жетишилди. Газга алмаштыруу долбоорун «Самрук-Энерго» акционердик коому ишке ашырды.

Исахан Сыргабаев, 1-жылуулук электр борборунун башкы мүдүрү:

- Мурда жылына 3 миң тонна чыгарылып турса, азыр 800 тоннага түшүрдүк. Көрдүңүздөрбү, 2,5 эседен көп, 3 эсеге түшүп калды. Мунун бардыгы биздин экологиябызга оң таасирин тийгизет. Чечимди Самрук-Энерджи компаниясы кабыл алды.

1-Жылуулук электр борбору Алматынын борбордук жана чыгыш бөлүгүн камсыз кылат. Станция ичинде жайгашкан. Ошондуктан көгүлтүр отунга өтүү муктаждыктан келип чыккан. Жаратылыш газына өтүү кызматкерлердин да ишин жеңилдетти. Көмүрдүн машакаты көп болгон. Анын үстүнө айлананы кара түтүн каптап кетчү.

Исахан Сыргабаев, 1-жылуулук электр борборунун башкы мүдүрү:

- Толугу менен газга өткөнүбүзгө төрт жылдын жүзү болду. Азыр алты энергетикалык буу казаны газ менен иштейт. Андан кийин суу жылыткыч казан бар. Алардын бардыгы керек учурунда газ менен иштейт. 

1-Жылуулук электр борборунун кубаттуулугу саатына 1203 гигакалорияны түзөт. Бул тогуз кабаттуу 1350 үйдү камсыз кыла алат дегендик. Келечекте «Самрук-Энерго» компаниясы Алматыдагы өзүнө караштуу 2 жана 3-жылуулук электр борборун да жаратылыш газына алмаштырууну мерчемдеп жатат.

 

Фото: dixinews.kz


×