Казакстан чет өлкөлөр үчүн жагымдуу болуп калды

Казакстан чет өлкөлөр үчүн жагымдуу болуп калды. ЕАЭБге катышуунун артыкчылыктары жөнүндө соода жана интеграция вице-министри Жанель Кушукова айтып берди. Анын сөзү боюнча, мындай кызматташуунун эң биринчи жакшы жагы – бул 184 миллион калкка өнүм сунуштаган көлөмдүү керектөөчүлүк рыногунун болушу. Спикер билдиргендей, азыр Биримдиктин укуктук жол-жоболоштуруусу аяктады. Мында иш жүзүндө товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын, ошондой эле, эмгек мигранттарынын эркин кыймылын камсыздоо тууралуу сөз болуп жатат. Айтмакчы, азыр эмгек мигранттары үчүн бардык эң зарыл шарттар түзүлүүдө.

Жанель Кушукова, соода жана интеграция вице-министри: 

- Бизде билим берүү жөнүндө документтер өз ара таанылат, өлкөгө киргенден тартып 30 күн ичинде каттоосуз жүрүү мөөнөтү белгиленген, ишке орношуу боюнча чектөөлөр жок. Бизде 53 тармак боюнча бирдиктүү рынокту түзүү жөнүндө макулдашуулар жетишилгенин айта кетүү керек.

Белгилей кетсек, Биримдик иштей баштагандан бери Казакстандын өнөктөштөрү менен өз ара соодасы 33% өстү. Мындай тышкары, экспорттун накталай көлөмүнүн 4% өсүшү байкалат, ошол эле учурда иштетилген өнүмдү сатуу көбөйүүдө. Жалпы Казакстандын экспорттук себетинин түрү эки эседен ашты. Бул көп жагынан документтик басымдын азайышынан мүмкүн болду, атап айтканда, эми мурдагылай бюрократия жок. Мисалы, адистер товарларды бажылык декларациялоону, ошондой эле, шайкештик сертификаттарын өз ара таанууну алып салышты. ЕАЭБ мамлекеттери менен кызматташуу өлкөнүн агроөнөржай комплексине дагы оң таасирин тийгизүүдө. Андыктан бул иш улантылаарын профилдик мекеменин өкүлдөрү брифинг убагында белгилешти.

Нурбек Даирбеков, Казакстандын айыл чарба вице-министри:

Алдыда турган иштер алкагында биз айыл чарба өнүмдөрүн соодалоого жолтоо кылган тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштерди жандантабыз, анын ичинде, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин ири соода тармактары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана келишимдерди түзүү аркылуу Казакстандын экспорттук дараметин жана дүң-бөлүштүрүү борборлору тутумун өнүктүрүүнү, ошондой эле, агроөнөржай комплекси жаатындагы жумушту жандандырабыз.

Айтмакчы республикага ЕАЭБ бизнесмендери жигердүү инвестиция салууда. Бул чет өлкөлүк түз салымдардын жалпы көлөмүнүн 6% чейинки бөлүгүн түзөт. Биримдиктин капиталынын катышуусундагы ишканалар дагы эки эсеге өстү.


×