COVID-19 менен күрөшүүгө Казакстан 1,5 млрд евро карыз алат

COVID-19 менен күрөшүүгө Казакстан 1,5 млрд евро карыз алат

COVID-19 пандемиясынын кесепеттери менен күрөшүүгө жана экономиканын туруктуулугун колдоого Казакстан 1,5 млрд евро карыз алат. Насыя берүү жөнүндө эки эл аралык каржы институту менен макулдашуу түзүлдү. Атап айтканда, 908 миллион евро өлчөмүндөгү карыз акчаны Азия өнүктүрүү банкы берет. Бул тууралуу каржы министри Ерулан Жамаубаев билдирди. 

 Ерулан Жамаубаев, Казакстан Республикасынын каржы министри:

 – Алынган каражат 2021-жылдын бюджетинин дефицитин каржылоого багытталат. Карыз акча Казакстан өкмөтүнө COVID-19 пандемиясынын кесепеттери менен күрөшүүгө жана экономиканы калыбына келтирүү чараларын колдоого мүмкүндүк берет. Насыяны кайтарууга 3 жылдык жеңилдик мөөнөтү менен 10 жыл убакыт берилет.

Республика дагы алты жүз алтымыш эки миллион евро көлөмүндөгү акчаны Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынан алмакчы. 

 

Фото: ktk.kz


×