Быйыл Казакстанда газдаштыруу көрсөткүчү 53% жетет

Быйыл Казакстанда газдаштыруу көрсөткүчү 53% жетет

Казакстанда 2021-жылдын чын куран айына чейин газдаштыруунун башкы схемасы жаңыланат. Ошондой эле, «Сарыарка» газ түтүгү долбоорунун экинчи жана 3-этабынын техникалык-экономикалык негиздемеси жаңыртылат. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда айтылды. Чыгыш Казакстан облусун көгүлтүр от менен камсыз кылуу концепциясы да иштелип чыгат. Учурда аталган аймакка газды Орусиядан тартуу маселеси каралып жатат. Биринчиден, бул керектөөчүлөрдүн санынын өсүшүнө байланыштуу. Ошентип, жылдын аягына чейин өлкөнүн керектөөсү 16,5 миллиард кубометрге чейин өсүшү күтүлүүдө. Жалпысынан быйыл газдаштыруу көрсөткүчү 53% жетип, 10 миллиондой адам жаратылыш өнүмүн колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ал эми 2025-жылы 2 миңден ашуун калктуу конушту жаратылыш газы менен камсыздоо мерчемделген. Натыйжада газдаштыруунун деңгээли 60 пайызга жетет.

Аскар Мамин, Казакстан Республикасынын Премьер-министри:

- Быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча калкты газ менен камсыз кылуу көрсөткүчү 53% деңгээлинде мерчемделген, 9,8 миллион адам жаратылыш газына ээ болот. Ал эми 2025-жылга чейин газдаштыруу деңгээли 60% жетип, ага 2120 калктуу конуш же 11,7 миллион адам кошулат.

 

Фото: 24.kz


×