Кызылорда облусунун экономикалык өнүгүү картасы түзүлдү

Кызылорда облусунун экономикасы ар тараптандырылып, өндүрүшү жогорку жана экспорттук дарамети мол аймакка айланат. Бул максатта 2023-жылга чейинки экономикалык өнүгүү картасы иштелип чыкты. Анын алкагында жалпы суммасы 270 миллиард теңгени түзгөн 265 долбоорду ишке ашыруу мерчемделип жатат. Бул тууралуу Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде облус акими Гульшара Абдыкаликова билдирди. Аймак башчысы бүгүнкү күндө аймак экономикасын өнүктүрүүдө тамак-аш өнөр жайы ишканаларынын үлүшү жогорулаганын, аны менен катар, башка тармактарда да жылыш бар экенин кошумчалады. 

Гульшара Абдыкаликова, Кызылорда облусунун акими:

- Кымыз чет өлкөлөргө экспорттоло баштады. Тоңдурулган жашылчалар Орусияга жиберилүүдө. Мындан тышкары, биринчи жолу макарон азыктарынын 5 түрүн чыгара баштадык. Арал шаарында жылына кубаттуулугу 130 миң тоннаны түзгөн кургатылган төө сүтүн кайра иштетүүчү завод ишке кирет. Мындан тышкары, жакында эки ири инвестор менен бир жумага келишим түздүк. Алардын бири беде себүү жана аны кайра иштетүү. Экинчиси, помидордон томат жасоо. Жылына кубаттуулугу 10-15  миң тонна өндүргөн томат заводу курулат.

Ал эми Арал аймагынын балыгы тышкы базарды багындырганына көп эле болду. Эми аталган өнүм экспортунун көлөмүн 4,2 тоннадан 8,5 тоннага чейин жеткирүү көздөлүүдө. Бул максатта 2030-жылга чейин балык чарбасын өнүктүрүү программасы кабыл алынып, аны ишке ашырууга 28 миллиард теңге бөлүү мерчемделип жатат. Аймак башчысынын айтымында, аталган каражат товардык балык көлөмүн 34 эсе көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

 

Фото: taraz24.kz

 


×