Улуттук кордун чогултуучу кызматы күчөтүлөт

Улуттук кордун топтолуучу иши күчөтүлөт. Бул тууралуу Сенаттын пленардык жыйынында Каржы министринин орун басары Татьяна Савельева билдирди. Белгилей кетсек, Казакстан парламентинин жогорку палатасында 2019-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёту угулган.
«Улуттук корго жалпысынан 4,5 триллион теңге түштү. 2019-жылдын аягына чейин аталган кордун активдери 27,5 триллион теңгени түздү. Улуттук кордун трансферттери эсебинен бюджеттин артыкчылыктуу багыттарын каржылоо калыптуу нормага айланды. Буга байланыштуу кордун топтоо кызматын мыйзам жааттында күчөтүү көздөлүүдө», - деди каржы вице-министри Татьяна Савельева.
Анын айтымында, депутаттардын сунуштары менен квазимамлекеттик тармактагы субъектилердин дивиденттик саясаты өзгөргөн.
«Ушул жылдан баштап квазимамлекеттик тармактын субъекттери 2019-жылдын аягына чейин республикалык бюджетке 100% дивиденд төлөөнү камсыздайт. Бюджеттик каражаттардын чыгымдалышын контролдоону күчөтүү максатында, пайдаланылбаган каражаттарды квазимамлекеттик ишканалардын эсебинен бюджетке кайтарып берүү боюнча иштер башталды. Кулжа айынын 1не карата республикалык бюджетке 8,6 миллиард теңге кайтарылды», - дейт каржы вице-министри.
Фото: turkystan.kz