ЭКӨУ дүйнө экономикасынын өнүгүүсүнө байланыштуу божомолун билдирди

ЭКӨУ дүйнө экономикасынын өнүгүүсүнө байланыштуу божомолун билдирди

Коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан каатчылык узак убакытка созулушу мүмкүн. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун серепчилери эки сценарийди ортого салышты. Алардын биринин айтымында, эпидемиянын экинчи толкуну болбосо, быйыл дүйнөлүк ИДӨ 6%, евро аймактын ИДӨсү 9,1% төмөндөйт. Ал эми 2021-жылы дүйнөлүк экономика 5,2% өсөт. Белгилей кетсек, жалган куран айында ЭКӨУ 2021-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн көрсөткүчү 3,3% түзөөрүн маалымдаган.

«Пандемиянын экинчи толкунунун терс сценарийине ылайык, дүйнөлүк ИДӨ быйыл 7,6%га төмөндөшү мүмкүн. 2021-жылы ЭКӨУ жалган куран айындагы дүйнөлүк экономикалык өсүш божомолун 0,5% төмөндөтүп, 2,8% деңгээлинде карап жатат», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, ЭКӨУнун баалоосу боюнча дүйнөлүк ИДӨ 2020-жылдын биринчи чейрегинде болжол менен 3% төмөндөгөн. Ал эми көпчүлүк өлкөлөрдө вирустун жайылышын көзөмөлдөө чаралары жалган куран айында гана киргизилген.

«Кытайдагы өндүрүштүк жигердүүлүк 2019-жылдын төртүнчү кварталындагы деңгээлинен 10% чейин басаңдады. Азиянын башка өлкөлөрүндө да өндүрүш кыскарды», - делинген ЭКӨУнун изилдөөсүндө.

Серепчилердин айтымында, дүйнөлүк соода 2020-жылдын алгачкы үч айында товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн 3%дан ашык төмөндөшүнө байланыштуу дүйнөлүк соода кескин кыскарды. Каатчылык авиа транспортуна өзгөчө терс таасирин тийгизди. Чын куран айында эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуу өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 98% түшүп кеткен. ЭКӨУнун маалыматына ылайык, эл аралык жүк жеткирүү чын куран айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30% кыскарган.

«Чын куран айында эл аралык экспорттук тапшырыктардын көлөмү кескин төмөндөп, бугу айында абал абдан начарлап кеткен. Жалпысынан Европа өлкөлөрү эпидемиядан эң көп жабыр тартты. Коронавирустун таасири астында калган Индия менен Индонезиянын экономикалары дагы тынчсызданууну жаратууда», - деп баяндалат Уюмдун кабарлоосунда.

ЭКӨУ экономикалык калыбына келүү жай жана туруксуз болот деп эскертет. Уюм өкүлдөрүнүн айтуусунда, «пандемиянын кайрадан пайда болуу мүмкүнчүлүгүн карап жатып, белгисиздик шартта  дүйнө өлкөлөрүнүн ийкемдүү саясаты талап кылынат».

Мындан тышкары, докладдын авторлору жалпысынан эл аралык кызматташууну чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешет.

«Билим берүү, медициналык жана финансылык ресурстар менен алмашуу, экономикага терс таасирин тийгизген соодага тыюу салуу чараларын азайтуу пандемияга каршы туруу үчүн маанилүү», - делинген баяндамада.

 

Фото: iac.kz


×