Бизнес
Brent маркалуу мунай баасы баррелине 30 доллардан ашты

ICE Лондон биржасында Brent маркалуу мунай баасы жалган курандын 20нан бери биринчи жолу барралине 30 доллардан ашты. Соода-сатык жыйынтыгы боюнча маалыматтардан муну байкоого болот. Ага ылайык, фьючестер наркы 1,032% га өсүп, баррелине 30.05 долларды түзгөн.
Мунай рыногундагы мындай өзгөрүш экинчи күн катары менен уланууда.
Кара алтындын наркы жалган курандын башында кескин түшүп кеткен эле. Буга коронавирустун күч алуусу, ОПЕК+ макулдашуусунун ишке ашпай калуусу жана Сауд Арабиянын мунай өндүрүү көлөмүн көбөйтүү тууралуу маалымдамасы себеп болгон.
Фото: inbusiness.kz