Казакстанда кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүү

Өткөн жылы Казакстанда өндүрүлгөн "жашыл" энергиянын көлөмү дээрлик 80% өсүп, бул көрсөткүч 2,4 миллиард киловатт-саатка жетти. Мында электр энергиясын өндүрүүнүн жалпы көлөмүндө кайра жанма энергия булактарынын  үлүшү 2,3%  түздү. Бул жылы ал 3% чейин көбөйөт деп күтүлүүдө. Энергетика министрлиги өкүлдөрүнүн айтымында, бул үчүн быйыл өлкөдө 18 жаңы кайра жанма энергия булактыры долбоору ишке берилет. Алардын катарында борбор калаага жана Жамбыл облусуна жакын жайгашкан жалпы кубаты 200 мегаваттык эки ири шамал энергетикалык станциялары бар.  Жалпысынан кайра жанма энергия булактары тармагына 600 миллион доллар жеке инвестиция тартуу пландалууда.

АЙНУР СОСПАНОВА, РКНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН КАЙРА ЖАНМА ЭНЕРГИЯ БУЛАКТЫРЫ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Кайра жанма энергетика долбоорлорун ишке ашыруу жолу менен Казакстан парник газдарынын чыгышын азайтуу боюнча өзүнүн эл аралык милдеттемелерин аткара алат. Казакстан Париждин климаттык келишимине кошулганын эске сала кетейин. Буга чейин биз протоколдун катышуучусу болчубуз, Казакстан СО2 менен  парник газдарын жана кайра жанма энергия объекттерин эл аралык деңгээлде төмөндөтүүгө милдеттүү. Бул СО2ни төмөндөтүүнүн эң натыйжалуу каражаттарынын бири болуп саналат. Казакстан башкы көңүлдө жана биз коңшуларда, тагыраак айтканда, Өзбекстанда эмне жасалып жатканына дыкат көз салуудабыз. Алар биздин тажрыйбабызды  колдонот.

Фото: egemen.kz


×