Бишкекте эгиздер фестивалы өттү

Бишкекте биринчи эгиздер фестивалы өттү. Ага 200дөн ашык үй-бүлө катышты. Мындай иш-чараны өткөрүү идеясы бир жыл мурун пайда болгон. Уюштуруучу катары эгиздердин, эки жана үч эмдердин энелери чыкты.
ГУЗАЛЯ МИРБЕКОВА, УЮШТУРУУЧУ:
- Башында апалардын бири воцаптан топ түзүп, баарыбызды ошол жакка чогултту, ал жакта биз күнү-түнү сүйлөшүп кеңештик. Кимдир бирөөлөрдүкү жаңы төрөлүп жатат, кимдир бирөөнүкү чоңоюп калган, айтор ар кандай категориядагы балдар. Иш-чаранын максаты – апаларды чогултуу, таанышуу, достошуу, балдардын көңүлүн көтөрүү, балдар шоусун жасоо болду. Бизде мындай болгон эмес, бул биринчи жолу.
Иш-чаранын алкагында жылдыздардын жана бий топторунун катышуусундагы шоу-концерт өтүп, түрдүү сынактар менен коштолду.
БЛИЦ:
- Биз көп урушабыз, таарынышабыз, бирок кайра жарашабыз.
- Бул менин биринчи үч эмим, үчөө тең кыз, мен эң бактылуу атамын.
“Бакыт көп болбойт” аталышындагы эгиздер фестивалы масштабдуу болду. Уюштуруучулар белгилешкендей, иш-чара мындан ары жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп турат.
Фото: jebe.media